ТКТРдеги шайлоодо Эрсин Татар жеңишке жетишти

Жогорку Шайлоо Кеңеши (ЖШК) Татар шайлоонун экинчи айлампасында шайлоо жарышында жеңишке жетишкенин жарыялады.

1511398
ТКТРдеги шайлоодо Эрсин Татар жеңишке жетишти

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында, расмий эмес жыйынтыктарга ылайык, премьер-министр жана Улуттук Биримдик партиясынын (UBP) талапкери Эрсин Татар 51,74 пайыз добуш менен президент болуп шайланды.

Жогорку Шайлоо Кеңеши (ЖШК) Татар шайлоонун экинчи айлампасында шайлоо жарышында жеңишке жетишкенин жарыялады.

Эрсин Татардын 51,74 пайыз добуш алганын айткан ЖШК, учурдагы Президент жана көз карандысыз талапкер Мустафа Акынжынын 48,26 пайыз добуш алгандыгын билдирди.

Кипр түрк эли 1974-жылдан бери 10-жолу өз президентин шайлоо үчүн урнага барды.

Саясатка 2003-жылы келген Татар, былтыр май айында түзүлгөн UBP-Элдик Партиянын (HP) коалициялык өкмөтүндө премьер-министр болгон.



Тектеш кабарлар