Шентоп: «Армения согуш кылмышын кылып жатат»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп,расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда абалга сереп салды.

1511789
Шентоп: «Армения согуш кылмышын кылып жатат»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Армениянын жарандарга кол салуу менен согуш кылмыштарын жасагандыгын айтты.

Шентоп расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда абалга сереп салды.

Шентоп, Армения колдогон террордук уюмдардын Азербайжандын жарандык отурукташкан жерлерине тынымсыз кол салгандыгын жана Азербайжан армиясынын мекенди сактап калуу үчүн операция баштагандыгын айтты.

Азербайжандын Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын 51-беренесиндеги "өзүн-өзү коргоо" укугунун талаптарын аткарып жаткандыгын баса белгилеген Шентоп, Азербайжан армиясы өз иш-аракеттеринде эл аралык мыйзамдарга ылайык иш алып барганын жана аскердик буталар менен гана күрөшкөнүн билдирди.

Армения күчтөрүнүн болсо жарандарды бомбалаганын эске салган Шентоп: «Азербайжан эл аралык мыйзамдарга жана согуш адеп-ахлагына ылайык иш алып барат. Армения муну жасабай жатат. Согуш мыйзамдарына баш ийбеген, карапайым калкты бутага алып, бомбалаган мамлекеттен ок атышпоо режимин сактоосун күтүү да акылсыздык»,-деп айтты.

Шентоп Армениянын Генже жана башка облустарга ракеталар менен кол салуусуна төмөнкүчө сереп салды:

«Бул Женева конвенциясы боюнча аскердик кылмыш болуп саналат. Эл аралык Кылмыш сотунун (ЭКК) тарабы болбосо дагы, Армения Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана ЭКК тарабынан Рим статусуна ылайык түзүлгөн сотто каралышы мүмкүн. Ал эми бул согуш кылмышын бүткүл дүйнөнүн көрүшү керек. Алар муну көрүп турат, бирок өзүнүн мамилесин так айтышы жана көрсөтүшү керек. Биринчи кезекте Европада Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун тең төрагалары болгон өлкөлөрдүн карапайым адамдарга кол салууларды айыпташы керек. Унчукпай отургандар кылмышка шериктештер».

Азербайжандын ыйык күрөш жүргүзүп жаткандыгын айткан Шентоп, Тоолуу Карабах баш болгон басып алынган жерлерди бошотуу үчүн күрөштү Түркия мамлекети гана эмес, 83 миллион түрк эли да колдой тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар