Түркия менен Казакстан космос тармагында кызматташат

Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай, инновация жана космос министрлиги билдирди.

1509868
Түркия менен Казакстан космос тармагында кызматташат

Түркия Космос агенттиги менен Казакстан Аэрокосмостук жана авиациялык комитетинин ортосунда космос тармагында кызматташтык келишимине кол коюлду.

Казакстандын Өнөр жай, инновация жана космос министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Түркиянын Санариптик өнүгүү, космос агенттигинин төрагасы Сердар Хусейин Йылдырым, Казакстанга жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында  министр Багдат Мусин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы космос тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Йылдырым жана анын делегациясы Казакстандагы жолугушууларынын алкагында баш калаа Нур-Султандагы улуттук космостук борбордо болушуп, аралыктан зонддоочу спутник системаларын карап чыгышты.

Андан соң түрк делегациясы Кызылорда облусундагы Байконур космостук базасына барып, Союз МС-17 космос кемесинин учурулушун көрүштү.

Йылдырым сапардын алкагында Казакстандын Космос жана авиация комитетинин төрагасы Баубек Оралмагамбетов менен да жолугушту. Жолугушуудан кийин тараптар космос тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Йылдырым кол коюу аземинен кийинки баа берүүсүндө, «Каралып жаткан документ эки өлкөнүн космостук мекемелери жана компанияларынын ортосундагы практикалык кызматташууга мүмкүндүк берет»,- деди.



Тектеш кабарлар