Армениянын кол салууларынын кесепети

Азербайжандын Башкы прокуратурасы Армениянын кол салууларынын кесепетинен болгон жан жогорууларды жана материалдык чыгымдарды жарыялады.

1509576
Армениянын кол салууларынын кесепети

Армениянын Азербайжандын калктуу конуштарына артиллерия жана ракеталар менен кол салуусунан 43 жаран каза болуп, 218 адам жаракат алды.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 15-октябрга чейин Армениянын кол салууларынын кесепетинен болгон жан жогорууларды жана материалдык чыгымдарды жарыялады.

Буга караганда аты аталган мезгилде Азербайжандын 43 жараны каза болуп, 218 адам жаракат алды.

Армениянын кол салууларында 1592 үй, 79 батир жана 290 коомдук имарат жараксыз абалга келди.

Армения армиясы жарандык конуштарга ок чыгаргандан кийин 27-сентябрда Азербайжан армиясы каршы чабуулдарды баштаган болчу.

Армения армиясы Азербайжандын жарандык калктуу конуштарына чабуулун артиллерия жана ракеталар менен улантты.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москва шаарында өткөн жолугушуулар учурунда 10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн баштап Тоолуу Карабахта сөөктөрдү жана туткундарды алмашууну көздөгөн гуманитардык "ок атышууну токтотуу" боюнча макулдашышкан.

Армения армиясынын Азербайжандын Генже шаарына ок атышпоодон 24 саат өтпөй ракеталар менен кол салуусунун натыйжасында 10 адам каза болуп, 35 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар