Армения Тертерде мүрзөнү зыярат кылган адамдарга кол салды

Армениянын Тертердеги мүрзөнү «атайылап» бутага алгандыгы белгиленди.

1509693
Армения Тертерде мүрзөнү зыярат кылган адамдарга кол салды

Армян армиясы тарабынан Тертердеги мүрзөгө уюштурулган кол салуунун натыйжасында 3 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

Бул тууралуу Азербайжандын вице-президенти Хикмет Хажиев Твиттер баракчасынан билдирди.

Армениянын Тертердеги мүрзөнү «атайылап» бутага алгандыгын белгилеген Хажиев, ал жерде 3 карапайым тургун каза болуп, 3 адам жаракат алгандыгын айтты.

Хажиев Армениянын гуманитардык ок ​​атышпоо келишиминин артына жашынып террор саясатын жүргүзүп жаткандыгын; Азербайжандын болсо жарандарды коргоо укугун өзүнө калтырганын билдирди.



Тектеш кабарлар