Армениянын кол салуусунда ушул кезге чейин 43 Азербайжан жараны каза болду

Азербайжан армиясы жарандык отурукташуу жерлерине кол салуу үчүн даярданган Арменияга таандык баллистикалык ракета системаларын жардырды.

1508822
Армениянын кол салуусунда ушул кезге чейин 43 Азербайжан жараны каза болду

Армения армиясынын убактылуу ок атышпоого карабастан Азербайжан отурукташуу жерлерине карата ок атууларында 1 жарандын дагы каза болушу менен ушул күнгө чейин каза болгондордун саны 43кө жетти.

Азербайжан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта Армения армиясынын бүгүн эрте мененки сааттарда Тетер облусуна ок аткандыгы билдирилди.

Кол салууда Нарлы кыштагында жашаган бир кишинин каза болушу менен Армениянын акыркы кол салууларында каза болгон жарандардын саны 43кө жетти.

Бир тараптан Азербайжан армиясы жарандык отурукташуу жерлерине кол салуу үчүн даярданган Арменияга таандык баллистикалык ракета системаларын жардырды.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Арменияда жайгаштырылган эки баллистикалык ракета системасынын бирөөсүнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 01: 00 чамаларында бирөөсүнүн да 08:36 чамаларында  жардырылгандыгы билдирилди.

Жардырылган ракеталардын Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлерине кол салуу үчүн даярданып жаткандыгы ошондуктан Армения аянтында жайгаштырылганына карабастан Азербайжан армиясы үчүн мыйзамдуу бута болгондугу белгиленди.

Армения күчтөрү жоготкон позицияларын кайрадан басып алуу үчүн түнү Агдере, Агдам, Фузули, Жебраил жана Хадрут багытында кол салды.

Маалыматта Азербайжан армиясынын кол салууларга тоскоол болгондугу, Армения армиясына таандык 5 T-72 танканы, 3 Град ракета системасы, 1  OSA зенит, 1 BMP-2  зооттолгон жөө аскер унаасы,1 KS-19 зениттик куралы, 2 Д-30 гаубицасы жана бир нече  унаанын жок кылынганы билдирилди.

Армения армиясынын Тертер, Агдам жана Агжабеди облустарын аткылагандыгы белгиленген маалыматта Азербайжан армиясынын да алдына алуучу чараларды көргөндүгү маалымдалды.



Тектеш кабарлар