ТКТРда президенттик шайлоо өтүп жатат

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) 2-апрелде өткөрүлүшү керек болгон, бирок коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу кийинкиге калтырылган президенттик шайлоо бүгүн өтүүдө.

1506734
ТКТРда президенттик шайлоо өтүп жатат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) калкы бүгүн президентти шайлоо үчүн добуш берүүдө.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) 2-апрелде өткөрүлүшү керек болгон, бирок коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу кийинкиге калтырылган президенттик шайлоо бүгүн өтүүдө.

Кипрдик 198.867 шайлоочу 738 үкөктө добуш беришет. Шайлоодо 11 талапкер ат салышууда, алардын 7си көз карандысыз.

Президент Мустафа Акынжы, Кудрет Өзерсай жана Сердар Денкташ шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышууда.

Улуттук Биримдик партиясынын талапкери Эрсин Татар.

Президенттикке Республикалык Түрк партиясынан Туфан Эрхүрман, Кайра жаралуу партиясынан Эрхан Арыклы жана Улутчул Демократия партиясынан Фуат Чинер талапкер болушкан.

Президент болуп шайлануу үчүн 50 пайыздан ашык добуш талап кылынат.

Эгерде бир дагы талапкер 50 пайыздык чектен өтпөй калса, экинчи тур 18-октябрда болот. Экинчи турда биринчи турда эң көп добуш алган эки талапкер ат салышат.



Тектеш кабарлар