Азербайжандын тышкы иштер министри Женевага барат

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байрамов бүгүн Женевага иш сапары менен барары айтылган.

1504884
Азербайжандын тышкы иштер министри Женевага барат

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун теңтөрагалары менен Армения басып алган Тоолуу Карабах маселесин талкуулоо үчүн Швейцариянын Женева шаарына барат.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байрамов бүгүн Женевага иш сапары менен барары айтылган.

Билдирүүдө иш сапардын максаты - ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары менен жолугушуу жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Азербайжандын позициясын көрсөтүү экени белгиленди.



Тектеш кабарлар