Европа Биримдиги Кыргызстанда жаңы жана так шайлоонун өткөрүлүшүн күтүүдө

Жосеф Борреллдин  кеңсесинен берген маалыматта Европа Биримдигинин Кыргызстанда 4 -  октябрда болгон шайлоонун жыйынтыгынын Кыргызстан Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан жокко чыгарылгандыгы белгиленди.

1504447
Европа Биримдиги Кыргызстанда жаңы жана так шайлоонун өткөрүлүшүн күтүүдө

Европа Биримдиги парламенттик шайлоону жаңылоо талабы менен президенттиктин жана парламенттин басып алынышынан кийин Кыргызстанда ишенимдүү жана так түрдө жаңы бир шайлоонун өткөрүлүшү күтүлгөнүн билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борреллдин  кеңсесинен берген маалыматта Европа Биримдигинин Кыргызстанда 4 -  октябрда болгон шайлоонун жыйынтыгынын Кыргызстан Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан жокко чыгарылгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Европа Биримдиги өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү конституциянын негизинде кыймыл кылуусу жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат. Кыргызстандын эл аралык  убадаларды жана жарандарынын демократиялык мыйзамдарына ылайык жаңы, ишенимдүү, так жана кенен масштабдуу шайлоонун өткөрүлүшүн сабырсыздык менен күтүүдө»,- деп билдирилди.

Маалыматта Европа Биримдигинин Кыргызстандын өнүшүгүн колдоону улантары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар