Азербайжан Жабраил шаары менен 9 айылды көзөмөлгө алды

Кечээ Генжеге атылган Смерч ракеталарынан улам бир киши каза болуп, 32 киши жараланган.

1502888
Азербайжан Жабраил шаары менен 9 айылды көзөмөлгө алды

Азербайжан армиясы басып алынган аймактарды сактап калуу операциясынын 8 - күнүндө алдыга жылуусун улантып, Жабраил шаары менен 9 айылды көзөмөлгө алды.

Армения армиясына таандык көптөгөн зооттолгон унааларды жок кылган Азербайжан аскерлери көп сандаган курал  - жарак жана ок - дарыларды колго түшүрүштү.

Армения армиясы болсо кечээ кечинде Азербайжандын Мингечевир шаарына менен Хызы жана Абшерон аймактарына ракеталык чабуулдарды жасады.

Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев өзүнүн твиттердеги баракчасында өнөр жай шаары Мингечевирде гидро  - электр станциясынын бар экендигин жана Армениянын бул жердеги кол салуусунун "үмүтсүздүктүн барбарча түшүндүрүлүшү" экендигин билдирди.

Хажыев андан кийин твиттерден Хызы жана Абшерон аймактарына Армения армиясы тарабынан 300 километр аралыкка 2 ракета атылганын белгиледи.

Кечээ Генжеге атылган Смерч ракеталарынан улам бир киши каза болуп, 32 киши жараланган. Бейлеган облусунда  2 киши, Агжебеди облусунда 14 жаштагы бир бала кол салууда каза болгон.



Тектеш кабарлар