Түрк кызматташуу уюмдарынын ортосундагы координацияны камсыздоо жыйыны өттү

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевдин жетекчилигинде өткөн жыйынга, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн бардык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

1496867
Түрк кызматташуу уюмдарынын ортосундагы координацияны камсыздоо жыйыны өттү

Түрк кызматташуу уюмдарынын ортосундагы координацияны жана кызматташтыкты арттыруу жана иш-аракеттердин кайталанбашы үчүн түзүлгөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Координациялык комитетинин жыйыны видео конференция ыкмасы менен өттү.

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевдин жетекчилигинде өткөн жыйынга, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Кассеинов, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жана Түрк маданияты жана мурас фондунун президенти Гүнай Эфендиева катышты.

Түрк Кеңешинин акыркы 2 жылдагы тарыхындагы эң тыгыз жана жемиштүү мезгилди башынан өткөргөнүн белгилеген Амреев, түрк дүйнөсүндө барган сайын кеңейип жаткан кызматташтык түрк кызматташтык уюмдарынын жаңы деңгээлдеги координациясын талап кылгандыгын баса белгиледи.

Институттардын ишмердүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө мыкты диалог, координация жана биргелешкен пландаштыруу аркылуу гана жетишүүгө боло тургандыгын белгилеген Амреев, ТҮРКСОЙ бул жылдар аралыгында эл аралык брендге айлангандыгын жана боордош түрк элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болгонун белгиледи.

ТүркПА Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүүдө абдан маанилүү ролду ойной тургандыгын жана Эл аралык Түрк Академиясынын илимий жаатта көптөгөн ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыргандыгын баса белгилеген Амреев, Түрк маданияты жана мурасы фонду маданият жаатындагы биргелешкен иштерге баалуу салым кошконун айтты.

Амреев мекемелердин иш-аракеттеринин программаларынын негизинде бири-бирин кайталоону болтурбоо жана координацияны жакшыраак камсыз кылуу үчүн жалпы перспективаны түзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү, ошол эле учурда катышуучулар иш алып барган жалпы багыттарды аныкташты жана институционалдык өз ара аракеттенүүнү жана иштин натыйжалуулугун эң мыкты ыкма менен коргоонун жалпы принциптерин макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле 2020-2021-жылдар аралыгында түрк кызматташтык уюмдарынын жылдык жол картасын даярдоо чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар