Түркия Кыргызстанга жабдууларды сатып алуу үчүн 100 миң доллар берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, комиссиянын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат жолугушту.

1494493
Түркия Кыргызстанга жабдууларды сатып алуу үчүн 100 миң доллар берди

Түркия, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 4-октябрда өтө турган эл өкүлдөрүн шайлоо жараянынын ачык-айкындуулугу жана  ишенимдүүлүгүн жогорулатууга карай шайлоо шаймандарын сатып алуусу үчүн каржылык колдоо көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, комиссиянын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат жолугушуп, ачык-айкындуулукту жана ишенимдүүлүктү жогорулатуу жараяны үчүн шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандын санын көбөйтүү үчүн 100 миң АКШ доллары суммасындагы жардам чегин тапшырды.

Кыргызстан менен Түркиянын Шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеген Шайылдабекова, коронавирустун жаңы түрүнө карабастан, шайлоонун жүрүшүнө байкоочуларды жөнөтө турган Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы шайлоону колдоо долбоорунун алкагында шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандардын санын көбөйтүү үчүн Германия, Швейцария жана Жапония өкмөттөрү каражат бөлдү.

Болжол менен 4 миллион шайлоочу жайгашкан Кыргызстандагы 120 орундуу парламентке өтүү үчүн бардыгы болуп 16 партиянын 1920 депутаттыкка талапкери ат салышат.

3-октябрга чейин созула турган үгүт иштеринен кийин шайлоочулар өлкөдө жана чет өлкөлөрдө орнотула турган үкөктөрдө добуш беришет.



Тектеш кабарлар