Түркия ТКТРна эпидемия менен күрөшүү боюнча жардам берүүдө

ТКТРдагы бейтаптардын Түркияга өткөрүлүшү кечээ түн ортосунан тарта башталды.

1487969
Түркия ТКТРна эпидемия менен күрөшүү боюнча жардам берүүдө

Түркия,  коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөштө Түндүк Кипр Түрк Республикасына  (ТКТР) колдоо көрсөтүүдө...

ТКТРдагы бейтаптардын Түркияга өткөрүлүшү кечээ түн ортосунан тарта башталды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Эрсин Татар, өткөрүп берүү процедуралары баштала электе жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Премьер-министр Татар, эне мекен Түркиянын ар дайым жана бардык маселеде болгону сыяктуу Ковид-19 менен күрөшүүдө дагы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында болгонун айтты.

Вице-президент Фуат Октайдын 27-августта Түркиянын ТКТРнын  саламаттыкты сактоо системасында эч кандай жүк болуусуна уруксат бербейт жана эгер ТКТРде жуктуруп алган бейтаптар көбөйүп кетсе бейтаптардын тез жардам учактар менен Түркиядагы ооруканаларга жеткирүүнү камсыз кыла турганын белгилегенин эске салган Татар, «Мына ушул алкакта Түркия түн жарымынан тарта бул жердеги Ковид-19 бейтаптарды Түркиядагы медициналык кызматтарга көчүрө баштайт»,-деп айтты.

Татар, өкмөттүн иши жана Түркиянын колдоосу менен кыйынчылыктарды сөзсүз жеңе тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар