Азербайжан Армениянын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Азербайжан армиясы чек ара фронтунда Арменияга таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү.

1460111
Азербайжан Армениянын  учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Азербайжан армиясы чек ара фронтунда Арменияга таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Товуз районуна караштуу Агдам айылы багытында, Азербайжандын жайгашкан жерлеринин үстүндө чалгындоо учуусун кылган Арменияга таандык «Х-55» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратынын атып түшүрүлгөнү жарыяланды.

Министрлик, түшүрүлгөн учкучсуз учуучу аппараттын фото сүрөттөрүн да бөлүштү.

Азербайжан армиясы мурдагы күнү да Арменияга таандык 2 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөн болчу.

 



Тектеш кабарлар