Кипр Тынчтык Кыймылына 46 жыл

Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 -  жылдыгына карата иш чаралар Түндүк Кипр Түрк Республиксынын Президенти Мустафа Акынжы жана Түркиянын вице  - президенти Фуат Октайдын Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар коюсу менен башталды.

1458177
Кипр Тынчтык Кыймылына 46 жыл

 Кипрге, бул жердеги түрктөр учураган кысым жана зулумчулукту жок кылуу үчүн түрк куралдуу күчтөрү тарабынан  жүргүзүлгөн кыймылдан бери 46 жыл өттү...

Кипр Тынчтык Кыймылынын 46 -  жылдыгына карата иш чаралар Түндүк Кипр Түрк Республиксынын Президенти Мустафа Акынжы жана Түркиянын вице  - президенти Фуат Октайдын Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар коюсу менен башталды.

Кипр Тынчтык Кыймылынын 46  жылдыгынан улам Гирне капкасындагы Ататүрк эстелигинин алдында өткөрүлгөн аземге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, вице  - президент Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламент спикери Теберрүкен Улучай, премьер  - министр Эрсин Татар, Түркиянын Лефкоша элчиси Али Мурат Башчери, министрлер, депутаттар, аскердик кызматкерлер менен башка жетекчилер катышты.

Эскерүү, гимндин аткарылышы жана байрактардын көтөрүлүшүнөн кийин Акынжы жана Октай эстелик дептерге кол жазмаларын калтырышты.

Акынжы  дептерге бларды жазды : "Улуу Ататүрк 20 -  Июль Тынчтык жана Эркиндик майрамынын 46 -  жылында сизди дагы бир жолу урмат сый менен эскеребиз. Принцип жана төңкөрүштөрүбүздү  алгачкы күндөн тарта эч бир мажбурлоо болбостон  жактырган Кипр түрк калкы лаицизм жана демократиялык күбөлүгү менен жолун улантууда жана билимди жол башчы кылып алып заманбап цивилизация максатына жетүү үчүн аракетин улантууда. Бул мезгилде бир тараптан саламаттык бир тараптан да экономикалык тармакта күрөшүбүздү улантып мунун жанында сиздин "Өлкөдө тынчтык дүйнөдө тынчтык" принцибиңиз менен аралыбызда адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолдун табылышы үчүн аракеттерибизди улантабыз. Сизден алган нур жолубузду жарыктандырат. Бул аң  - сезим жана ойлор менен сизди дагы бир жолу урмат - сый менен эскеребиз. Тынч жатыңыз".

Вице  - президент Фуат октай да дептерге : "Улуу Ататүрк Кипр түркүнүн каарман Мехметчигибиз менен бирге күрөшүүсү менен эркиндигинен жана келечегинен баш тартпай турганын далилдеген Тынчтык Кыймылынын 46 - жылында сиздин алдыңыздабыз. Аймагында тынчтык жана ырааттуулуктун кепили болгон Түркия Кипр түрк калкына улуттук, тарыхый байланыштар менен чын көңүлдөн арналган. Кипр түркү боордошторубуз ушул күнгө чеин болгондой мындан кийин да Түркия Республикасынын жана түрк улутун жанында көрөт. Бул чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу кайталап, элесиңизди урмат - сый менен эскеребиз",- деп жазды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар