Түркиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке учуп барышты

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги Түркиядан Кыргызстанды көздөй медициналык кызматкерлер тобу бара жатканын кабарлаган.

1455760
Түркиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке учуп барышты
kizgizistan yardim.jpg
Bayrak Türkiye-Kırgızistan.jpg

Түркиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке учуп барышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги Түркиядан Кыргызстанды көздөй медициналык кызматкерлер тобу бара жатканын кабарлаган.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүшү жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу Кыргызстанда оор эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Элчилик Анкарадагы жеке клиникада иштеген мекендешибиз дарыгер Эркин Исмаил менен бирге, Кыргызстандын ооруканаларында иштөө үчүн Түркияда ординатураны өтүп иштеп жаткан 18 кыргызстандыктан турган медициналык кызматкерлердин тобун түздү.

Түркиянын тийиштүү министрликтери менен бирге, Элчилик медициналык кызматкерлердин Кыргызстанга кетишине уруксат алуу маселесин иштеп чыкты. Аталган кызматкерлердин айрымдары Кыргызстанда экенин белгилейбиз.

Медициналык кызматкерлер Кыргызстанга “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен 2020-жылдын 15-июлунда жөнөтүлдү. Авиабилеттерди сатып алууга жана Кыргызстанда жашоого кеткен чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакаттамынын учагы менен келген кыргызстандык жарандар жана Түркиянын өкмөтүнүн гуманитардык жүгү менен биргеликте Кыргызстанга ординатурадан өтүп жаткан жана медициналык жогорку окуу жайларда жана Түркиянын аларга караштуу мамлекеттик клиникаларында иштеген 14 медик-ыктыярчыдан турган мекендештердин тобу барды.

Пандемия шартында Түркияда дары-дармектерди экспорттоого жана мамлекеттик структуралардын медицина кызматкерлеринин өлкөдөн чыгууларына расмий тыюу салуулар киргизилдиктен, Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана Түркиянын тиешелүү министрликтеринин жардамы менен аталган медицина кызматкерлерине чыгууга уруксат алуу боюнча маселелер чечилген.

Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргызстандагы жашоо шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз мойнуна алышкан.

Медиктердин тобу республикадагы конкреттүү бир ооруканада иш графиги боюнча иштеп, өздөрүнө бөлүнгөн жумуш аймагына жоопкерчилик алаары пландаштырылууда.

Түрк тилин жана медициналык жабдууларды билүү менен, ошондой эле Турциянын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргызстанга кеңеш берүү жардамын берүүгө жана COVID-19 илдетин дарылоодо квалификацияны жогорулатуу үчүн онлайн курстарды уюштурууга даяр экендигин эске алып, Түркиядагы КР Элчилиги ыктыярчы-медиктерди КР медперсоналы менен тажрыйба алмашуу үчүн региондорго жөнөтүүнү сунуштады.



Тектеш кабарлар