Казакстан Сенатынын төрагасы Ашимбаев болду

Казакстан Республикасынын Сенат төрагасы алмашты.

1410338
Казакстан Сенатынын төрагасы Ашимбаев болду

Казакстан Республикасынын Сенат Төрагасы Маулен Ашимбаев болду.

Президенттиктин берген маалыматына караганда президент Касым Жоомарт Токаевдин жарлыгы менен Ашимбаевдин Президентик аппараттын башчы орун басарлыгынан Сенаттын мүчөлүгүнө дайындалганы маалымдалды.

Президенттин катчысы Берик Уали болсо Сенаттын мүчөлөрүнүн бир добуштан Ашимбаевди төрага шайлагандарын жарыялады.

Президент Токаев, туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеваны Сенаттын төрайымы кызматынан алган болчу.

49 жаштагы Ашимбаев, Коопсуздук кеңешинин катчы орун басарлыгы, Праламенттин эл өкүлү, бийликтеги Нур Отан партиясынын жетекчи орун басары, Президенттин орун басарлыгы кызматтарын аркалады.

Баш мыйзамга ылайык Президенттин кызматтан кетиши же каза болгон  учурунда анын ыйгарым укуктары Сенат төрагасына өтөт.

Президенттин жарлыгы менен маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев Президенттик аппараттын башчы орун басарлыгына, ал эми анын ордуна президенттин орун басары Аида Балаева дайындалды.

 

 


Этикеткалар: #Казакстан

Тектеш кабарлар