Азербайжандын «Гайдар Алиев» борборуна Түркиянын желеги чагылдырылды

Азербайжандын желегинин жанында Түркиянын желеги чагылдырылган борбордо, Түрк музыкалары жаңырды.

1396218
Азербайжандын «Гайдар Алиев» борборуна Түркиянын желеги чагылдырылды

Азербайжандын борбор шаары Бакунун жаңы архитектуралык символдорунан болгон «Гайдар Алиев» атындагы борбордун тышкы бетине Түркиянын желеги чагылдырылды.

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүсүнө Азербайжандын көрсөткөн колдоосун белгилөө үчүн Азербайжандын желегинин жанында Түркиянын желеги чагылдырылган борбордо, Түрк музыкалары жаңырды.

Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал: «Бүгүн Түрк жана Азербайжан желектери «Гайдар Алиев» атындагы борбордун тышкы бетинде чагылдырылууда. Эки боордош желектин чогуу желбиреши бизди сыймыктандырды. Түркия менен Азербайжандын бири-бири менен жакындыгын, колдошуусун жана туугундагын көрсөткөн абдан сонун демилгеге күбө болдук»,-деди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дагы бул көрүнүштү социалдык медиа барагынан бөлүшүп жатканда; «Бакунун символдорунан бири «Гайдар Алиев» борборунда Ковид-19 менен биргелешип күрөшүүнүн алкагында Түркиянын желеги Азербайжандын желеги менен бирге желбиреп жатат. Түрк улуту бир жүрөк! Түркия желеги, Азербайжан желеги. Биз бирге жеңебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар