Азербайжан алгачкы диагностикалык тесттерди Түркиядан алды

Азербайжанда вирус жугузган биринчи бейтап 28 -  февралда өлкөгө Ирандан келген бир Россия жараны болгон.

1384557
Азербайжан алгачкы диагностикалык тесттерди Түркиядан алды

Азербайжандын саламаттык сактоо министри Октай Ширалиев жаңы тип коронавирустун алгачкы диагностикалык тесттеринин Түркиянын арачылыгы менен алышкандарын билдирди.

Октай Ширалиев  мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген маалыматында көрүлгөн чаралардын негизинде өлкөдө коронавирустун көбөйүшүнө тоскоол болушкандарын белгиледи.

Алгачкы күндөрдө жаңы типтеги коронавирусту аныктоо үчүн бир топ өлкөдө тесттин болбогондугун эске салган Ширалиев : «Боордош Түркиянын арачылыгы менен тесттер Бакуга алып келинди. Алгачкы бейтаптар да ошол тесттин жардамы менен аныкталды»,- деди.

Азербайжанда вирус жугузган биринчи бейтап 28 -  февралда өлкөгө Ирандан келген бир Россия жараны болгон.

Азербайжанда ушул күнгө чейин 87 кишиде коронавирус аныкталып, бир бейтап каза тапты. 10 киши айыкты. 76 бейтаптын дарылануусу улантылууда. Алардын ичинен 3 киши 18 жаштан кичүү балдар.



Тектеш кабарлар