Азербайжанда кээ бир округдарда шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылды
Азербайжанда 9 - февралда өткөн парламенттик шайлоодо 4 аймакта чыккан жыйынтыктар жокко чыгарылды.

Азербайжанда 9 - февралда өткөн парламенттик шайлоодо 4 аймакта чыккан жыйынтыктар жокко чыгарылды.
Азербайжан Борбордук Шайлоо Комиссиясы кечээ чогулуп шайлоо тууралуу кээ бир арыздарды карап чыкты. Жыйында 33 - Хатайи шайлоо округу, 35 - Хатайи шайлоо округу, 74 - Ленкеран шайлоо округу жана 80 - Имишли - Бейлеган шайлоо округунун жыйынтыкары эреже бузуулардын негизинде жокко чыгарылды.
Кээ бир округдар тууралуу берилген арыздар иликтенип тийиштүү округдун шайлоо комиссиясына жиберилди. Комиссия арыздарды карап чыгууну 29 - февралга чейин улантат.
Жыйынтыктары жокко чыгарылган округдарда качан кайрадан шайлоо өткөрүлөрү тууралуу маалымат бериле элек.
Президент Алиевдин 2019 - жылы декабрь айында парламентти таркатуусу жана эрте шайлоо чечимин чыгаруусу менен Азербайжан шайлоо процессине кирип 9 - февралда парламенттик шайлоо өткөргөн.
Тектеш кабарлар

Президент Жапаров Түркиянын Президенти Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.