Баку-Тбилиси-Жейхан куурунан былтыр 233 миллион 175 миң баррелдик мунай өткөрүлдү

Азербайжан мунайы Түркия аркылуу дүйнөлүк рынокко экспорттолууда.

1341362
Баку-Тбилиси-Жейхан куурунан былтыр 233 миллион 175 миң баррелдик мунай өткөрүлдү

Азербайжан мунайын Түркия аркылуу дүйнөлүк рынокко жеткирген Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай куурунун Жейхандагы деңиз терминалинен былтыр 233 миллион 175 миң баррель чийки мунай өткөрүлдү.

БОТАШтын көрсөткүчтөрүнө караганда «Кылымдын энергетикалык долбоору» деп аталган жана расмий ачылышы 2006-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Баку-Тбилиси-Жейхан чийки мунай куурунун акыркы бекети болгон Адананын Жейхан районундагы «Гайдар Алиев» деңиз терминалынан ушул күнгө чейин 3 миллиар 300 миллион баррелден ашуун мунай зат, танкер менен дүйнөлүк рынокко жөнөтүлдү.

Өткөн жылы 233 миллион 175 миң баррелдик чийки мунай өткөрүлгөн терминалдан, айларга жараша эң көп өткөрүү 22 миллион 149 миң баррель менен май айында ишке ашты.

Азербайжанда чыгарылган чийки мунай зат, түтүк жол колдонулуп Грузия аркылуу Жейхандагы деңиз терминалына, ал жерден да танкерлер менен дүйнөлүк рынокко жеткирилүүдө.

Узундугу 1776 чакырым болгон жана 1076 чакырымы Түркиядан өткөн куурдан «Гайдар Алиев» деңиз терминалына жеткен чийки мунай зат, бул жерден Баку-Тбили-Жейхан куурунун Түркиядагы бөлүгүн иштеткен БОТАШ ишканасы тарабынан танкерлер менен дүйнөлүк рынокко экспорттолууда.



Тектеш кабарлар