Айтматовду эскерүү

Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу, залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов, туулганынын 91-жылында эскерилди.

1322507
Айтматовду эскерүү
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ8.jpg
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ6.jpg
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ5.jpg
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ7.jpg
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ2.jpg
АЙТМАТОВ АЙКЕЛ4.jpg

Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу, залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов, туулганынын 91-жылында Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги көрүстөнүндө үй-бүлөсү, кесиптештери жана Айтматов сүйүүчүлөрү тарабынан эскерилди.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде орун алган Айтматовдун кабырына гүлчамбар коюлду жана куран окутулду.

Чынгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова: «91 жыл мурда улуу инсан жарык дүйнөгө келди. Жазган чыгармалары менен элин жана өлкөсүн дүйнөгө таанытты. Биздин адамдарыбыз анын жөндөмдүүлүгү жана чыгармаларынан үлгү алууну улантты, анын насыйкаттарын орундатышы керек, чынчыл болуп, мекенине кызмат кылуусу зарыл»,-деп айтты.

Бир тараптан Айтматовдун туулган күнүндө Анкарадагы Кечиөрен районундагы «Чынгыз Айтматов» атындагы сейил бакка Айтматовдун айкели тургузулду.

Айкелди ачуу аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиөрен районунун акими Угур Булут, Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу др.Мустафа Курт, Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амиреев, чакырылгандар жана басма сөз мүчөлөрү катышышты.

Талас облусунун Шекер айылында 1928-жылы жарык дүйнөгө келген Айтматов, 2008-жылы май айында Орусиянын бир телеканалынын даректүү тасма тартуусу үчүн барган Татарстандын борбор шаары Казанда сыркоолоп калып, дарылануусу үчүн алып барылган Германиянын Ньюрберг шаарында 10-июнда дүйнөдөн кайткан.



Тектеш кабарлар