Казакстандын президенти менен Белорустун президенти биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү

Президент Жомарт Токаев эки тараптуу соода жана экономикалык кызматташуу, аймактык жана эл аралык күн тартипти карап чыгышкандарын билдирди.

1294768
Казакстандын президенти менен Белорустун президенти биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев  өлкөсүнүн Белорусь менен өткөн жылы бири бирине карата соода көлөмүнүн 800 миллион долларга жакын болуп ишке ашкандыгын белгилеп, мунун мыкты бирок жетерсиз экендигин белгиледи.

Токаев расмий сапарынын негизинде Казакстандын борбор шаары Нур Султанга барган Белорустун президенти Александр Лукашенкону президенттик сарайында расмий азем менен тосуп алды. Президенттер эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулар менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Токаев эки тараптуу соода жана экономикалык кызматташуу, аймактык жана эл аралык күн тартипти карап чыгышкандарын билдирди.

Казакстанда 340 Белорусь капиталдуу фирманын иш алып баргандыгын айткан Токаев бул фирмалардын түшүмдүүлүгүн арттыруу тууралуу да сүйлөшкөндөрүн айтты. Токаев Казакстандын Азияга, Белорустун Европага бир көпүрө болгондугун белгилеп, бул эки өлкөнүн Кытай баштаган «Бир алкак, бир жол» долбоорунун бир бөлүгү экендигине көңүлдөрдү бурду.

Акыркы үч жылда темир жол аркылуу контейнер тарнспортунун Казакстан жана Белорусь аркылуу Кытай жана Европа багытында 6, 5 пайызга өскөндүгүн айткан Токаев : «Сапар ийгиликтүү өттү. Келишимдердин Казакстан жана Белорусь  элдеринин өнүгүшүнө салым кошоруна ишенем»,- деди.

Белорустун президенти Лукашенко болсо Казакстан менен Белорустун ортосундагы  соода көлөмүнүн жетерсиз экендигин баса блгилеп, өзгөчө өнөр жай кызматташуусунун өнүктүрүлүшүнө алдыңкылык берүүдө келишкендерин айтты.

Белорустун мунай менен камсыз кылуунун түрдөнтүлүшүнө маани бришкендерин баса белгилеген Лукашенко : «Ушул себептен сиздердин өлкөңүздөрдөн мунай импорттоого көңүл буруудабыз. Биз жакында Россия менен кеңешүү боюнча келиштик. Себеби бул мүмкүн боло турган болсо Казакстандан мунай импорту түтүк жолу менен Россия аркылуу жасалат. Бул тууралуу келишебиз»,- деди.

Жолугушуулардын акырында эки өлкөнүн ортосундагы миграция, коопсуздук, турак жай каттоосу тармактарында кызматташуу келишимдери менен эки өлкөнүн президенттеринин биргелешкен билдирүүсү жана тышкы иштер министрлеринин ортосунда  2020 – 2021 -  жылдар үчүн кызматташуу планына кол коюлду.



Тектеш кабарлар