Элчи Өмүралиев Гиресунга иш сапары менен барып келди

Кыргыз  Республикасынын  Түркиядагы  Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Кыргызстан жана Түркиянын депутаттык достук Тобунун жетекчиси Сабри Ѳзтүрктүн чакыруусу менен Гиресун провинциясына жумушчу сапары менен барды.

1278408
Элчи Өмүралиев Гиресунга иш сапары менен барып келди
Губернатор, Посол и депутат2.jpg
Депутат, Мэр и Посол3.jpg
Депутат, Посол и Мэр4.jpg
Депутат, Посол и Президент ТПП5.jpg
Университет6.jpg

2019-жылдын 16-17-сентябрында  Кыргыз  Республикасынын  Түркиядагы  Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Кыргызстан жана Түркиянын депутаттык достук Тобунун жетекчиси Сабри Ѳзтүрктүн чакыруусу менен Гиресун провинциясына жумушчу сапары менен барды. 

Иш-сапардын алкагында Элчи К.Омуралиев Гиресун провинциясынын Губернатору Харун Сарыфакыогуллары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Тараптар соода-экономикалык жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгын белгилешти.

Гиресун шаарынын мэри Айтекин Шенликоглу менен болгон жолугушууда, К.Омуралиев Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына ылайык, Гиресун шаары менен Кыргызстандын аймактарынын бир шаарынын ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүүнү жана улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап Гиресун шаарындагы парктардын бирине же кѳчѳгѳ анын атын ыйгарууну сунуштады.

Элчи К.Омуралиевдин Гиресун университетинин ректору Йылмаз Жан менен болгон жолугушуусунда, Гиресун университетинде кыргыз студенттерин окутуу тууралуу маселесин талкуулашты.

Гиресун шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын президенти Хасан Чакырмеликоглу жана Палатанын мүчө-бизнесмендери менен болгон жолугушууда, К.Омуралиев түрк ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү жана Евразиялык экономикалык биримдигинен ВСП+ статусун алгандыгы тууралуу, ошондой эле иш адамдарын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Маалымат катары: Гиресун шаары Түркиянын Түндүк-батышындагы кара деӊиз ѳрѳѳнүндѳ жайгашкан, 175 км. Трабзон шаарынын батыш тарабында. Гиресун провинциясынын калкынын саны 450 миӊ киши, ал эми Гиресун шаарынын калкынын саны – 145 миӊ кишини түзѳт. Гиресун провинциясында байыркы грек, Рим жана Осмон мезгилиндеги тарыхый жана маданий эстеликтер бар жана эко-туризм өнүгүүдѳ. Гиресун провинциясы фундукту чыгаруу борбору болуп, региондогу кирешенин негизги булагы болуп саналат. Жыл сайын 100 тонна өндүрүлүп, 50% чет өлкөгө экспорттолот. Фундук менен бирге чай, мѳмѳ жемиш ж.б. ѳсѳт.



Тектеш кабарлар