Чавушоглу Венгрияда Айдарбеков менен жолукту

Жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштары жана эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы темасы каралды.

1272545
Чавушоглу Венгрияда Айдарбеков менен жолукту

Түркия Республикасынын Тышкы Иштер Министри Мевлүт Чавушоглу, Венгриянын борбор шаары Будапештте Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Минстри Чынгыз Айдарбеков менен жолукту.

Чавушоглу, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Будапештте таанытуу кеңсесинин ачылышына катышуу үчүн барган Венгрияда кыргыз кесиптеши Айдарбеков менен жолукту.

45 мүнөткө созулган жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштары жана эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы темасы каралды.

Министр Чавушоглу, Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Питер Сийярто менен да жолугуп, Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ачылыш жыйналышына катышты.

Мевлүт Чавушоглунун сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен да жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар