Өзбекстанга учак билеттеринин арзандашы күтүлүүдө

Өзбекстандын Анкарадагы элчилигинин кеңешчиси Шухрат Йигиталиев учак билеттеринин араздашы күтүлүп жаткандыгын жана Өзбекстан туризминде жаңы кадамдардын ташталарын айтты.

1270492
Өзбекстанга учак билеттеринин арзандашы күтүлүүдө

Өзбекстандын Анкарадагы элчилигинин кеңешчиси Шухрат Йигиталиев Өзбекстанда туризмди өнүктүрүүгө карата чыгарылган жаңы жарлык менен учак билеттеринин араздашы күтүлүп жаткандыгын жана Өзбекстан туризминде жаңы кадамдардын ташталарын айтты.

Өзбекстандын Анкарадагы элчилигинде «Зыярат туризминин чартердик каттамдар менен жасалышы» деген темадагы жыйында Түркияда жана Өзбекстанда иш алып барган туризм фирмалары жолугушту.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Йигиталиев туризмдин Түркия жана Өзбекстан үчүн маанилүү тармактардан экендигин баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы туризмдин элдердин достугун бекемдей тургандыгын айтты.

Түркиядан өзгөчө Өзбекстандагы күмбөздөр сыяктуу зыяратчыларды тарткан жерлерден улам дин туризмине чоң кызыгуунун бар экендигин белгилеген Йигиталиев туризм фирмаларынын кызматташуусу менен бул кызыгуунун дагы да артаарын айтты.

Йигиталиев маалыматында : «Өзбекстанда бир ай мурда авиация тууралуу жаңы бир жарлык жарыяланды. Бул жарлык менен учак билеттери жарым баасына арзандайт. Өзбекстан туризминде жаңы кадамдар ташталат»,- деди.



Тектеш кабарлар