Кыргызстанда Атамбаевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү операция жүргүздү

Коопсуздук күчтөрү мурдагы президентти кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө операция жүргүздү.

1249655
Кыргызстанда Атамбаевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү операция жүргүздү

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү тарабынан операция жүргүзүлдү.

27-апрелде кол тийбестиги жоюлган Атамбаев, өткөн айда күбө сыпаты менен суракка алынышы үчүн 3 жолу полициялык пунктка чакырылган, бирок түшүндүрмө берүүнү «бул циркте ойнобойм» деген сөздөрдү айтып четке каккан.

Бул боюнча коопсуздук күчтөрү мурдагы президентти кармоо үчүн Кой-Таштагы үйүнө операция жүргүздү.

Атамбаевдин үйү жана чөйрөсүндөгү жолдор коопсуздук күчтөрү тарабынан курчалып жатканда мурдагы президентти жактоочулар полицияга каршылык көрсөтүштү.

Коопсуздук күчтөрү Атамбаевдин үйүнүн айланасында нөөмөттө турган жактоочуларына ок чыгарды жана окуяда жаракат алгандар бар экенинин кабары берилүүдө.

Кыргызстанда 2011-2017-жылдар аралыгында президенттик кызматын кылган Атамбаев, орундугун СДПКдан Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген болчу.

Атамбаев туурасында «ЖЭБ жана Тарых музейинин модернизациясы, көмүр алуунун тендери, кылмыштык топтун корбашчысы Азиз Батукаевдин эркин кое берилиши, жер сатып алуу жана талаа аянтынын курулушка берилүүсү» сыяктуу темалардагы ар түрдүү айыптоолор болуп жатат.


Этикеткалар: #Кыргызстан , #Атамбаев

Тектеш кабарлар