Элчи К.Өмүралиев YTB төрагасы А.Эрен менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) т ѳрагасы Абдуллах Эрен менен болгон жолугушуусу болуп ѳттү.

1219350
Элчи К.Өмүралиев YTB төрагасы А.Эрен  менен жолугушту

2019-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдуллах Эрен менен болгон жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Өмүралиев YTB стипендиялык программасы боюнча кыргыз студенттердин Түркияга келип Жогорку окуу жайларда билим алууларына кѳмѳк кѳрсѳтүп жаткандагы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда, Элчи К.Өмүралиев Ван облусунун Эржиш районунун Улуу Памир (Улупамир) айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чечүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү жана Түркияда кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү боюнча ѳтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле К.Өмүралиев Эржиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде жайгашкан, этникалык «Ата Журт» этнокомплексинин иш-аракеттерине кѳмѳк кѳрсѳтүү ѳтүнүчүн билдирди.

Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдуллах Эрен да Элчи мырзанын жаңы кызматтында ийгилик каалады.

 



Тектеш кабарлар