Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өткөрүлөт

Саммитке Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистандын мамлекет башчысы катышат.

1218047
Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өткөрүлөт

 Эртең Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өткөрүлөт.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жетекчилигиндеги мүчө өлкөлөрдүн лидерлер саммитинде Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистандын мамлекет башчысы, Индиянын премьер  - министринин катышуусу күтүлүүдө.

Саммитке Афганстан, Белорусия, Иран менен Монголиянын лидерлери да көзөмөлдөөчү сыпаты менен катышат.

Уюмдун өнүгүшү менен бирге мүчө мамлекеттерди кызыктырган аймактык жана эл аралык темалар да карала турган саммиттен кийин уюдун Бишкек билдирүүсү кабыл алынат.

5 миңге жакын коопсуздук кызматкер кызмат кыла турган саммит үчүн Кыргызстан Кытайдан автобус, джип жана брондолгон полициялык транспорт каражаттарын, Орусиядан брондолгон 5 унаа, микро  - автобус жана 2 Ми – 8 тибиндеги тик учар жардамын алды.

Аймакта тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшү менен улантылышы, өлкөлөр арасындагы бири бирине карата ишеним жана жакшы коңшулук карым  - катнаштарынын күчтөндүрүлүшү күткөн Шанхай Кызматташтык Уюму Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусу менен Кытайдын Шанхай шаарында 2001 -  жылы 15 -  июнда расмий түрдө курулган.

Индия менен Пакистан 16 жылдан кийин уюмга кирип, уюмдун мүчө саны сегизге жетти. Түркия өткөн жылдарда Шанхай Кызматташтык Уюмуна Диалог өнөктөшү катары кошулган.



Тектеш кабарлар