Казакстанда Тынчтык Күчү үчүн технологияда өнөктөштүк симпозиуму башталды

«4 -  Тынчтык Күчү үчүн технологияда өнөктөштүк симпозиуму» өткөн жылы Германияда өткөрүлгөн.

1209611
Казакстанда Тынчтык Күчү үчүн технологияда өнөктөштүк симпозиуму башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда БУУнун «5 -  Тынчтык Күчү үчүн технологияда өнөктөштүк симпозиуму» башталды.

Казакстандын коргоо министрлиги менен БУУнун секретариятынын кызматташуусунда уюштурулган «Болжолдоо, коргоо, алдына алуу» деген темадагы симпозиумдун биринчи күнүндөгү отурумга Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев, БУУнун башкы катчысынын орун басарлары Атул Каре менен Жан Пьер Лакруа менен бирге 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын делегация катышты.

Министр Эрмекбаев эрте мененки отурумдан кийин берген маалыматта Казакстандын симпозиумду өткөрүшү БУУму тарабынан активдүү тынчтыкчыл өлкө катары таанылгандыгын көрсөткөндүгүн жана БУУнун тынчтыкчыл аракеттеринде ийгиликтүү болду деген мааниге келгендигин айтты.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин өлкөсүнүн тынчтыкчыл аракеттерин кеңейтүү керектиги тууралуу сөздөрүнө кайрылган Эрмекбаев азыркы күндө аскердик бөлүктөрдүн санын эмес, сапатынын маанилүү экендигине көңүлдөрдү бурду. Эрмекбаев : «Жергиликтүү абалда мыкты кыймыл кыла ала турган, чет тилин билген, абалдын жакшырышына таасир берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ, жогорку даражада профессионалдуу аскердик  түзүлүш маанилүү. Ушул багытта иштейбиз. Тынтчык күчүнүн санына эмес сапатына көңүл бурабыз. Бул багытта БУУнун колдоо көрсөтөрүнөн үмүмттүүбүз»,- деди.

БУУ менен тынчтык миссиялары тармактарында кызматташуунун өлкөлөр үчүн пайдалуу экендигин, мунун тынчтык күчүнүн кесиптик, интеллектуалдык жана технологиялык потенциалын арттыргандыгын белгилеген Эрмекбаев азыркы учурда БУУнун Батыш Сахара жана Ливан тынчтык миссияларында иштеген казак тынчтык күчүнүн деңгээлинин мыкты экендигин сөздөрүнө кошту.

Симпозиум 31 -  майда аяктайт.

«4 -  Тынчтык Күчү үчүн технологияда өнөктөштүк симпозиуму» өткөн жылы Германияда өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар