Владимир Путин Кыргызстанда
«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барды.
«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Россия Федерциясынын Президенти Владимир Путин менен мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун расмий жолугушуусу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Флагштоктордо Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземинде Ардактуу кароол менен учурашып, делегациядагы өкүлдөр тааныштырылды.
Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.
Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.
Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.
КТРК
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.