Түркия, Хожалы кыргынынын кайталанбашы үчүн эл аралык коомчулукту кайдыгер болбоого чакырды

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) Тышкы иштер комиссиясы Хожалы кыргыны тууралуу билдирүү жарыялады.

1152172
Түркия, Хожалы кыргынынын кайталанбашы үчүн эл аралык коомчулукту кайдыгер болбоого чакырды

Түркия, адамзаттын атынан кандуу так болгон Хожалы кыргынынын кайталанбашы үчүн эл аралык коомчулукту кайдыгер болбоого чакырды.

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) Тышкы иштер комиссиясы Хожалы кыргыны тууралуу билдирүү жарыялады.

Хожалы кыргынынын адамзаттын атынан жасалган кандуу так экенине басым жасалган билдирүүдө БУУнун Коопсуздук кеңеши, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) менен Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) бул кыргынга жетиштүү маани берип, керектүү каршы чыгууну көрсөтүүсү боюнча чакырыгын салды.

Билдирүүдө, Армениянын бөлүктөрү тарабынан 1992-жылдын 25-февралынан 26-февралга оогон түнү, Тоолуу Карабахтын Хожалы районуна кол салуу болуп 106сы аял, 63ү бала жана 70и картаңдан турган 613 бейкүнөө азербайжан атуулунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү, 76сы баладан турган 487 кишинин жаракат алганы, 1275 киши да Армениянын күчтөрү тарабынан туткунга түшүрүлүп, ошондон бери дайыны чыкпаган 150 кишинин тагдыры белгисиз экени маалымдалды.

Билдирүүдө: «Түркия катары Армения бөлүктөрү тарабынан ишке ашырылган кыргынды жана Азербайжандын жерлеринин көптөгөн жылдардан бери басып алуу астында болушун катуу айыптайбыз»,делди.

Азербайжан калкына бул акылуу доосунда колдоо уланганына басым жасалган билдирүүдө: «Бул окуянын күнөөкөрлөрүнүн эл аралык укук менен сот алдына чыгарылышы жана Арменияны да басып алган Азербайжан жерлеринен тез арада чыгуусун кайталайбыз. Хожалы кыргынында курман болгон азербайжандык туугандарыбыздын жаркын элестерин эскеребиз, жаткан жерлери жайлуу болсун, кайгылуу үй-бүлөлөрүнө жана бүтүндөй Азербайжан калкына кайрат айтабыз»,делди.



Тектеш кабарлар