Астанадагы Достук үйүндө көп элдердин маданият борбору бар

Достук үйү, Астананын борбор шаар болушунун 20-жылдыгын белгилөөлөрдүн алкагында өткөн жылы Мангыстау облусу тарабынан курулган.

1120211
Астанадагы Достук үйүндө көп элдердин маданият борбору бар

Казакстандын борбор шаары Астанадагы Достук үйү, өлкөдө жашаган түрк, кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан, татар жана этникалык топтордун эне тилдерин, салттарын жана үрп-адаттарын үйрөнүүлөрү, өнүктүрүүлөрү жана жайылтуулары үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Достук үйү, Астананын борбор шаар болушунун 20-жылдыгын белгилөөлөрдүн алкагында өткөн жылы Мангыстау облусу тарабынан курулган.

Казакстандын Элдик ассамблеясынын курамындагы  22 этник жамаат, Достук үйүндө ачкан маданият борборлору менен эне тилдерин, маданияттарын жана салттарын таанып үйрөнүп жатышат.

Достук үйүнүн имаратында көргөзмө залдары, этникалык топтордун кеңселери, конференция залдары, музей жана ашкана бар.

Түрк, кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан, татар, уйгур, чечен, дунган, булгар, беларусь, корей  жана берки элдердин маданият борборлору бул жерде каалагандарга бекер тил жана бий курстарын берет.

Этникалык топтор, ошол эле убакта Достук үйүндө уюштурган маданий иш-чаралар менен эне тилдерин, маданияттарын жана салттарын жашатууда.

 

 



Тектеш кабарлар