Өзбекстан биринчи жолу кенен машстабдуу машыгуу өткөрдү
Өзбекстан көз карандысыздыгына жетишкенден бери биринчи кенен масштабдуу аскердик машыгуусун ишке ашырууда.
Өзбекстан көз карандысыздыгына жетишкенден бери биринчи кенен масштабдуу аскердик машыгуусун ишке ашырууда.
Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкө тарыхындагы эң кенен масштабдуу аскердик машыгуу президент Шавкат Мирзеевдин жолдомосу менен өткөрүлдү.
Машыгуу 5 күнгө созулат жана 4 этаптан турат. Аскердик унаа жана учактар колдонула турган машыгууда куралдуу күчтөрдүн тактикалык жана аскердик даярдыктын каралып чыгылышы максат кылынууда.
Мирзеев жана коргоо министри Абдусалом Азизов, Ташкент жакындарындагы Чырчык аскердик аймагында өткөрүлгөн машыгууну көрдү. Аскерлер менен маектешкен Мирзеев ийгиликтүү болгондорго белек берди.
Тышкы иштер министрлигинин да коңшу өлкөлөргө машыгуу тууралуу маалымат бергендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.