Алиев - Болтон жолугушуусу

АКШ улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

1075453
Алиев  - Болтон жолугушуусу

АКШ улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Президенттиктен берилген маалыматта Алиев жолугушууда Азербайжан менен түрдүү тармактарда ийгиликтүү кызматташууларды түзгөн АКШнын Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун Минск группасынын тең төрагасы катары Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессинде да маанилүү роль ойногондугун айтты.

Азербайжан жерлерин көптөгөн жылдардан бери Армениянын басып алгандыгын жана 1 миллиондон ашуун кишинин жашаган жерлерин таштап кетүүгө мажбур болгондугун эске салган Алиев : «Бул Армениянын эл аралык мыйзамдын принциптерин одоно түрдө бузушунун ачык далили. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Армения куралдуу күчтөрүнүн Азербайжандын басып алган жерлеринен дароо жана шартсыз түрдө чыгышына байланыштуу чечим чыгарды. Армения бул чечимдерди жокко чыгарып жана азыркы абалды сактап калууга аракет кылууда. Бул кабыл алынгыс абал. Азербайжандын жеринин бүтүндүгү сакталышы керек. Азербайжан ЕККУнун Минск группасынын тең төрагалары болгон өлкөлөрдүн алып барган иштеринен жыйынтыктын чыгарынан үмүт кылат»,- деди.

Алиев Азербайжан жаратылыш газын Европа алып өтө турган Түштүк Газ Коридору долбооруна байланыштуу көрсөткөн колдоосу үчүн да АКШ башкаруусуна рахмат айтты.

Болтон да Азербайжан менен карым  - катнаштардын АКШ үчүн эң негизги алдыңкылык экендигин баса белгилеп саясат, экономика, коопсуздук жана башка тармактарда карым  - катнаштардын маанисинин арткандыгын айтты.

Болтон АКШ стратегиялык аймакта экендигин белгилеген Азербайжан менен энергетика, эл аралык терроризм, адам соодасына каршы күрөш жана башка тармактарда да кызматташууну дагы да кеңейтүүнү каалагандыгын белгиледи.

Тоолуу Карабах маселесинин Азербайжан үчүн абдан маанилүү экендигин абдан жакшы билгендигин айткан Болтон маселени чечүү процессиндеги абалга Азербайжандын кандай баа бергендиги тууралуу дагы көп маалымат алууну каалагандыгын айтты. Жолугушууда АКШ  - Азербайжан карым  - катнаштарынын түрдүү багыттары тууралуу пикир алышты. Болтон жолугушууларынын негизинде Азербайжанджын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров  жана SOCARдын төрагасы Рөвнак Абдуллаев менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар