Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кезеги Түркияга берилди

2020-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт.

1047005
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кезеги Түркияга берилди
DUNYA_GOCEBE_OYUNLARI_2_2018.jpg

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга берди. 

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мөңгүнүн суусу куюлган көөкөрдү Түркиянын Жаштар иштери жана спорт министринин орун басары Хамза Йерликаяга салтанаттуу түрдө тапшырды. 

Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу. Эми 2020-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт.

Булак: КТРК


Этикеткалар: #Дүйнөлүк көчмөндөр

Тектеш кабарлар