Казакстандын экономикасы 6 айда 4 пайыздык өсүүнү көрсөттү

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейменов,Министрлер кеңешинин жыйналышында экономика тууралуу маалымат берди.

1032002
Казакстандын экономикасы 6 айда 4 пайыздык өсүүнү көрсөттү

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейменов, үстүбүздөгү жылдын 6 айында өлкө экономикасынын 4 пайызга өскөнүн маалымдады.

Сулейменов, Министрлер кеңешинин жыйналышындагы сөз сүйлөөсүндө 2018-жылдын январь-июль мезгилинде өлкө ичи дүң өндүрүмүнүн өсүүсү 4 пайызга жеткенин белгилеп, «Инфляциялык кысымдын азайтылышы, жогорку инвестиция активдүүлүгү жана негизги сектордогу оң динамикалык экономикалык өнүгүүлөр өсүүгө таасир берди»,-деди.

Жылдын башында инфляция катышында 2,7 пайыз болгонуна көңүл бурган Сулейменов, жылдык инфляция катышынын 5,9 пайыз болгонун айтты.

Сулейменов, 1-августтан тарта Казакстандын эл аралык резервдеринин 87,7 миллиард долларга жектенин эске салды.

Казакстандын статистика комитетинин жарыясында болсо январь-июль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырамлуу 5,1 пайызга артып 15 миллиард 504 миллион тенге деңгээлине жеткенин маалымдады.

Жарыяда, үстүбүздөгү жылдын 6 айында мунай зат өндүрүшүнүн да өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 7,5 пайыздык өсүү менен 45 миллион тоннага жектени белгиленди.



Тектеш кабарлар