Өзбекстанда кээ бир учак каттамдары токтотулду

Харезм облусунда Үргенч аэропортундагы каттамдар убактылуу токтотулду.

1015082
Өзбекстанда кээ бир учак каттамдары токтотулду

Өзбекстанда ашыкча ысыктыктан улам өлкөнүн түштүгүндөгү Харезм облусунда Үргенч аэропортундагы каттамдар убактылуу токтотулду. 

Өзбекстан аба жолдорунан берилген маалыматта Үргенч аэропортуна жасала турган учак каттамдарынын Нукус жана Бухара аэропортторуна багытталгандыгы билдирилди. 

Бир тараптан Өзбекстан темир жолдорунан берилген маалыматта 25 - июлга чейин Ташкент -  Үргенч жана башка поезд каттамдарынын санынын көбөйтүлгөндүгү белгиленди. 

Метеорологиянын маалыматтарына караганда 23 -  июлга чейин өлкөдөгү абанын ысыктыгы мезгилдин нормасынан 5 - 7 градустан дагы жогору болору жана 45 градуска жетери билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар