Өзбекстан 101 өлкөнүн жаранын 5 күндүк визадан бошотту

Чет элдиктер Өзбекстан визасын алуу үчүн интернеттен кайрылып «электрондук виза» ала алышат.

1006603
Өзбекстан 101 өлкөнүн жаранын 5 күндүк визадан бошотту

Өзбекстанда туризмдин өнүктүрүлүшүнө карата иштердин негизинде 101 өлкөнүн жаранын 5 күндүк визадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн алып келинди.

Президент Шавкат Мирзиеев  чет элдик жарандардын Өзбекстанга киришинин жеңилдетилишине карата көрүлгөн чараларга байланыштуу  жарлыкка кол койду.

Жарлык боюнча 15 -  июлдан баштап Өзбекстандагы аэропорттордон үчүнчү бир өлкөгө бара турган 101 өлкөнүн жаранына беш күн бул өлкөдө визасыз калуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Жарлык менен өзгөчө 16 жашын толтурбаган чет элдик жарандарга да жакындарынын коштоосунда өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз калуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Чет элдиктер Өзбекстан визасын алуу үчүн интернеттен кайрылып «электрондук виза» ала алышат.

Өзбекстан март айында араларында Түркия да болгон 7 өлкөнүн жаранына 30 күн өлкөдө визасыз жүрүү, 39 өлкө жарандарына болсо жөнөкөйлөштүрүлгөн виза  берүүнү баштатты.

Ушундайча жарандарды Өзбекстанга визасыз келе ала турган өлкө саны 16га, виза жеңилдиги берилген өлкө саны да 51ге жетти.

Акыркы мезгилде туризмдин өнүктүрүлүшүнө карата чыгарылган чечимдерден кийин жылдын биринчи беш айында Өзбекстанга барган чет элдик турист саны өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 93 пайызга артып 2, 2 миллионго жетти.



Тектеш кабарлар