Азербайжан армиясы машыгууларды баштады

Азербайжан армиясы 20 миң аскердин катышуусу менен кенен масштабдуу машыгууну баштады.

1004294
Азербайжан армиясы машыгууларды баштады

Азербайжан армиясы 20 миң аскердин катышуусу менен кенен масштабдуу машыгууну баштады.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Президент Илхам Алиев бекиткен план боюнча уюштурулган машыгууга армиянын түрдүү командирликтерине караштуу бөлүктөр катышты.

Жалпы 20 миң аскердин катышуусу менен өткөрүлгөн машыгууда душман буталарына карата операциялар жүргүзүлөт жана жаңы куралдар  атуулар менен сыналат.

Машыгууда 120 танка жана ок өткөрбөс унаа, 200дөн ашуун ракета менен пулемет системасы, 30 учак жана тик учар, жаңы муундагы радио  - электрондук чалгындоо унаалары менен учкучсуз унаа аппараттары да орун алууда. Машыгуу 6 -  июлга чейин улантылат.



Тектеш кабарлар