Өзбекстанда айыл - чарба жарманкеси

Жарманкеге Түркия да болгон 20дан ашуун өлкөдөн 110гө жакын ишкана жана фирма катышууда.

983272
Өзбекстанда айыл  - чарба жарманкеси

Өзбекстандын борбор шаары Ташкенттеги эл аралык айыл  - чарба технологиялары жана дыйканчылык шаймандары жарманкесине түрк фирмалары кызыгуу көрсөттү.

Өзбекстан өкмөтүнүн колдоосу менен "Uzexpocenter" жарманке өткөрүү фирмасы тарабынан уюштурулган жарманкелерге араларында Түркия да болгон 20дан ашуун өлкөдөн 110гө жакын ишкана жана фирма катышууда.

Өзбекстандын вице  - премьер  - министри Надир Атажанов жарманкелердин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өкмөттүн дыйканчылык секторунун өнүктүрүлүшүнө  өзгөчө маани бергендигин белгилеп, максаттарынын кошумча наркы жогору болгон айыл  - чарба продукцияларын өндүрүү экендигин белгиледи. Атажанов бул жарманкелердин өлкөдө айыл – чарба секторунун өнүгүшүнө маанилүү салым кошорун жана ишкерлердин ортосунда бир көпүрө кызматын аткарарын айтты.

Муздатуучу жана тоңдуруучу аппараттар, нан жана макарон чыгаруу, мөмө жана жашылчалар үчүн кургатуучу машиналар, бакча технологиясы, теплица, мөмө  - чөмөлөрдү иштетүү, өсүмдүктөрдү коргоо химикаттары, айыл  - чарба технологиялары жана машиналары сыяктуу бөлүмдөрдөн турган жарманкелерге түрк фирмалары да кызыгуу көрсөттү.

Катышуучулар да түрк фирмаларынын стенддерин кыдырып, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жарманке 2 -  июнга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар