18 - Май Крым татарларынын эскерүү күнү

Украина депутаты Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу 18 -  майдын Крым татарлары үчүн аза күтүү күнү болушу менен бирге аларды бириктиргендигин да белгиледи.

974639
18 - Май Крым татарларынын эскерүү күнү

Крым татар түрктөрүнүн лидери, Украина депутаты Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу 18 -  майдын Крым татарлары үчүн аза күтүү күнү болушу менен бирге аларды бириктиргендигин да белгиледи.

Кырымоглу  1944 -  жылы 18 -  майда Крым татар түрктөрүнүн сүргүнүндө курман болгондорду эскерүү күнүнөн улам  билдирүү жарыялады.

Крым татар түрктөрү үчүн 18 -  майдын бир топ жактан маанилүү экендигин белгилеген Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу : «Крым татар калкы үчүн 18 -  май күнү аза күтүү күнү болуу менен бирге ар дайым Крым татарлары бириккен, укуктары үчүн, мекенине кайтуу үчүн күрөшүү чечкиндүүлүгүн көрсөткөн күн»,- деди.

Баскынчы күчтөрдүн азыр да Крым татарларын бөлүү же бир топ эркиндиктерине тыюу салуу аракетинде экендигине көңүлдөрдү бурган Кырымоглу ушуга карабастан бүгүн Крым татар калкынын бирмдигинин сезилгендигин айтты.

Крым татар улуттук парламентинин төрагасы Рефат Чубаров болсо Украинанын борбор шаары Киевде Крым татар түрктөрүнүн сүргүнүнүн 74 жылдыгынан улам өткөрүлгөн иш чарада сөз сүйлөдү. Чубаров Крым татар калкына өзгөчө статусунун берилиши керектигин айтты.

Украинада жергиликтүү калк катары өз тагдырын өзү белгилөө укугунун толук  турмушка ашырылышы менен Крым татар калкынын укуктарынын тапшырылган болоруна көңүлдөрдү бурган Чубаров : «Украинанын бөлүнгүс бир бөлүгү катары Крым татар улуттук жана аймактык өзгөчөлүгү, Крымдын басылып алынышын акырына чыгарууга карата чыныгы жана таасирдүү бир кадам болот»,- деди.

1944 -  жылдагы Крым татар түрктөрүнүн сүргүнүнүн Сталин режиминин адамзаттыкты жек көрүү саясатынын көрсөткүчү экендигин баса белгилеген Рефат Чубаров бул сүргүндө миңдеген Крым татарынын каза болгондугун жана тагдырынын өзгөргөндүгүн айтты.

 



Тектеш кабарлар