Казакстандын тышкы соода көлөмү өстү

Казакстандын негизги тышкы соода өнөктөштөрүнүн арасында Орусия, Кытай, Голландия, Түркия, АКШ, Швецария, Өзбекстан жана Франция бар.

970437
Казакстандын тышкы соода көлөмү өстү

Казакстандын тышкы соода көлөмү, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 2017-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 24,3 пайыз өсүп 21 миллиард 26 миллион доллар болду.

Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Статистика комитетинин билдирүүсүндө, өлкөнүн тышкы соода көлөмүнүн быйылкы жылдын биринчи 3 айында 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,3 пайыз өсүп 21 миллиард 26 миллион доллар болгону белгиленди.

Билдирүүдө аты аталган мезгилде өлкөнүн экспортунун 27 пайыздык өсүү менен 13 миллиард 779 миллион доллар, импортунун болсо 19,4 пайыз өсүп 7 миллиард 247 миллион доллар болгону маалымдалды.

Казакстандын негизги тышкы соода өнөктөштөрүнүн арасында Орусия, Кытай, Голландия, Түркия, АКШ, Швецария, Өзбекстан жана Франция бар.



Тектеш кабарлар