Тарых музейинин макамы өзгөрдү

Улуттук тарых музейинин ачылышы ушул жылдын март айына пландалууда.

904482
Тарых музейинин макамы өзгөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тарыхый мурастарын сактоого кошкон өзгөчө салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" деген статусту ыйгарган Жарлыкка кол койду. 

Жаңы макамдын берилиши маданияттын маанилүү объектиси катары музейдин даражасын жогорулатып, маанисин арттырат. Анткени музейде, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып турат. Өткөн жылы оңдоп-түздөө иштеринен улам жабылган Улуттук тарых музейинин ачылышы ушул жылдын март айына пландалууда. 

Толук жаңыртылгандан кийин имарат өзүнүн реставрациялоочу жана көркөм өнөрканаларына ээ болуп, заманбап музейдин талабына жооп бере турган жаңы жабдуулар менен камсыздалат.

КТРК



Тектеш кабарлар