Кыргызстандын "Алга" футболдук командасы Самсунда

Кыргызстандын футболдук командасы «Алга» Бишкек менен бир тууган шаар болгон Самсунда машыгуусун улантууда.

901589
Кыргызстандын "Алга" футболдук командасы Самсунда

Кыргызстандын футболдук командасы «Алга» Бишкек менен бир тууган шаар болгон Самсунда машыгуусун улантууда.

Тренери Руслан Сыдыковдун башкаруусунда Самсун 19 -  Майыс стадионунда даярдыктарын улантып жаткан «Алганын» футболчулары Роматем физиотерапия жана калыбына келтирүү ооруканасында медициналык текшерүүдөн өттү.

Самсун муниципалитетинин маданият боюнча башкармасы Нежми Чамаш басма сөз билдирүүсүндө бир тууган шаар Бишкектин командасын тосуп алуудан кубанычтуу экендерин айтты.

«Алга» командасын муниципалитеттин комплексинде 10 күндөн бери конкотоп жатышкандарын айткан Чамаш : «Бишкек менен Самсун бир тууган шаар. Конок команда Самсунду абдан жактырды. Клубдун жетекчиси мындан мурда лагерь үчүн Антальяга барышкандарын, мындан кийин Самсунга келишерин айтты. Бизге жардам берген самсундук фирмаларга да рахмат айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар