Казакстандын латын алфавитине өтүшү башка тилдерге таасирин тийгизбейт

Нурсултан Назарбаев латын алфавитине өтүүнүн тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.

823785
Казакстандын латын алфавитине өтүшү башка тилдерге таасирин тийгизбейт

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кириллицадан латын алфавитине өтүүнүн орус  тилинде сүйлөгөн кишилерге, орус тили жана башка тилдерге таасирин тийгизбей тургандыгын айтты. Назарбаев өлкөсүнүн латын тамгасына өтүшү тууралуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө латын алфавитине өтүүнүн тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи. Назарбаев : «Дүйнөдө эч бир өлкө жаңы бир алфавитин калкы менен бизчелик талкуулаган эмес. Баарынын ойлорун билүү биз үчүн маанилүү»,- деди.

Президент Назарбаев латын алфавитине өтүү тууралуу 300дөн ашуун сунуш алышкандарын айтып : «Жаштардын да бул процессти колдошу күч берүүдө»,- деди.

Латын алфавитине таянган казак алфавити проектисинин талкуусуна коомдук алдыңкы мекемелер менен илимий чөйрөнүн да активдүү катышкандыгын айткан Назарбаев проектинин даярдалышында дүйнөлүк тажрыйбага көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Назарбаев тил тармагындагы реформанын башка тилдердин өнүгүшүнө зыянын тийгизбеши жана адам укуктарын бузбашы керектигин баса белгилеп буларды айтты : «Казак алфавитинин латын алфавитине өтүшү орус тилинде сүйлөгөн кишилерге, орус тили жана башка тилдерге таасирин тийгизбейт. Орус тилин колдонуу да улантыла берет. Жаңы алфавитке өтүү казак тилин үйрөнүүнү жеңилдетет».

Кириллицадан латын алфавитине өтүүгө даярданып жаткан Казакстан  2018 – жылдан баштап мектептерде сабак китептеринин латын алфавитинде басылышын максат кылууда. Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев 2025 -  жылга чейин бардык китептерди, басма сөз жана расмий документтерди латын алфавитинде чыгарууну пландашкандарын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар