Германияда түрк мигранттар түзгөн партиялар биригүү жолунда...
BİG партиясы, ADD партиясынан жекшемби күнгө дейре биригүү темасында жооп күтөт.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Германиядагы түрктөргө «Бирдиктүү болгула» деген чакырыгы ал өлкөдө жакындап калган шайлоонун алдында натыйжа бере баштады.
Түрктөр курган Жаңылануу жана Адилеттик партиясы (BİG) ошондой эле көпчүлүгү түрк мигранттар тарабынан курулган президент Эрдогандын афишасы менен шайлоочусунан добуш талап кылган Немис демократтар биримдиги партиясына (ADD) биригүү чакырыгын салды.
«Президентибиздин аброюн түшүргүсү келгендердин оюндарын бузабыз» деген BİG партиясынын жетекчиси Халук Йылдыз: «Керек болсо орундугубузду да беребиз»,-деди.
ADD менен биригүү ишке ашпаган учурунда BİG партиясы добуштарды бөлбөш үчүн 24-сентябрдагы федералдык шайлоого катышпайт.
Партиянын жетекчилиги ошондой эле түрк шайлоочусунун сөзсүз шайлоого баруусун, бирок Түркияга душман партияларга добуш бербөөсүн талап кылды.
BİG партиясы, ADD партиясынан жекшемби күнгө дейре биригүү темасында жооп күтөт.
Тектеш кабарлар
Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.