Эрдогандын Астанадагы ИКУнун саммитинде сүйлөгөн сөзү

Эрдоган Казакстандын борбор калаасы Астанада Ислам Кызматташтык Уюмунун Илим жана технология саммитинин ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

804609
Эрдогандын Астанадагы ИКУнун саммитинде сүйлөгөн сөзү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Ислам өлкөлөрүнүн Аракан үчүн биргелешип күрөшүүсү керектигин айтты.

Эрдоган Казакстандын борбор калаасы Астанада Ислам Кызматташтык Уюмунун Илим жана технология саммитинин ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган, аракандык мусулмандарды  кыргынга салуулар туурасында, «Аймакта болуп жаткан адамзат трагедиясынын алдын алуу үчүн Мьянма жана Бангладеш өкмөттөрү менен иш алып барууну каалайбыз»,-деди.

Эрдоган: «Кысым жана кыргындардан кутулуш үчүн жерлерине баш калкалаган мусулмандарга тийиштүү жеңилдиктердин көрсөтүлүшү боюнча күтүүбүздү жана жардам сунушубузду Бангладеш органдарына жеткирдик. Эл аралык мекемелер, анын ичинен Илсам өлкөлөрү катары биз да колубуздан келген мүмкүнчүлүктөр менен бул зулумдуктун соңуна чыгарылышы үчүн чогуу күрөшүүбүз керек»,-деп айтты.

Израилдин Иерусалим жана Харем-и Шерифтин ыйыктыгын бузууларына да токтолгон Эрдоган: «Алгачкы кыбылабыз болгон Иерусалимдин жана Харем-и Шерифтин ыйыктыгынын бузулушуна эч качан уруксат бере албайбыз. Аль-Акса мечитин урматтабоочулуктун, бузукулуктардын жана чагымчылыктардын алдын алуу үчүн дагы чечкиндүү иш-аракет көрсөтүшүбүз керек»,-деди.

Перс булуңу кризиси темасына токтолгон Эрдоган, Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жетекчиси катары Перс булуңу аймагында болуп жаткан кризистин тез арада чечилүүсүн каалаганын, Кувейттин арачылык аракеттерин колдоосун уланта тургандарын айтты.

Дүйнөнүн ар тарабында мусулмандар кыйын абалда жашап жаткандарын айткан Эрдоган: «Ислам өлкөлөрүнүн бул мезгилде бөлүүчүлүккө жана чыңалууга эмес, биримдикке, ынтымакка жана чогуу болууга муктаждыгы бар. Энергияларыбызды ушундай түрдөгү кризистерге коротпошубуз керек»,-деди.

Сөзүндө кибердик чабуулдарга да токтолгон Эрдоган: «Ылдам, жетилсе боло турган, аң-сезими жетик жана коопсуз интернет жеке киши, коом, мамлекет, соода жана экономика жагынан баш тартылгыс. Буга кошумча интернеттин жана социалдык медиа каражаттарынын Ислам душмандыгынын инструментине айланышы менен катар ДЕАШ, Аль-каида, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ сыяктуу уюмдар тарабынан таасирдүү түрдө колдонулганын да билебиз. Ислам өлкөлөрү катары атуулдарыбызды интернеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып жатканда зыяндуу таасирлеринен да коргоого милдеттүүбүз»,-деп айтты.

Астанада эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани, Ооганстандын президенти Ашраф Гани, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин мүчөсү Бакир Иззетбегович, Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев, Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана Бангладештин президенти Абдул Хамид менен өз өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар