Элчи Ибрагим Жунусов кыргыз студенттери менен жолукту

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Анкарада тажрыйба топтоп жүргөн кыргыз студенттерди кабыл алды.

791210
Элчи Ибрагим Жунусов кыргыз студенттери менен жолукту

Түркиянын ТРТ жана “Анадолу” маалымат агенттиктеринде тажрыйба алып жүргөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери 14-августта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен жолугушушту. Элчи студенттерди өзү тосуп алып, кеңири маек куруп, кеп-кеңештерин берди. Студенттер элчиге ар кыл тармактан кызыккан соболдорун узатып, анын басымдуу бөлүгү Кыргызстан, Түркия, өлкөлөр ортосундагы мамиле, миграция маселеси жана учурдагы Кыргызстандагы журналистиканын абалы туурасында болду. Элчи Ибрагим Жунусов: “Учурда Кыргызстандагы журналистика такыр башка нукка бурулуп кетти. Акча табуу максатында дейин десең, андай да эмес. Бир учурда ырчылар дагы батышты туурап, башка нукка бурулуп кеткен. Бирок азыр оңолду. Гезит менен күйгүзүп жиберсе да болот, даңазаласа да болот. Күйгүзүш керек, бирок бул учурда коомдун кызыкчылыгы биринчи орунда болуш керек. Алдыда эмне болоорун баамдай билүү керек. Андыктан силердин кесибиңер өтө жоопкерчиликтүү кесип”, -деген оюн айтты.

Ошондой эле, элчи жакынкы күндөрү эле Стамбул шаарында “Манастын” айкелинин ачылышы, кыргыздар үчүн сыймыктанаарлык сезим жаратканын баса белгилеп, чет өлкөдө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин таанытууда өзгөчө жаштардын орду чоң экенин белгилеп өттү. 

 



Тектеш кабарлар