Мустафа Кемал Ататүрктү неге мынча ардакташат деп ойлочумун

ТРТга иш-тажрыйбасын алуу максатында келген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин Аныткабир тууралуу ой бөлүшүүлөрү.

785399
Мустафа Кемал Ататүрктү неге мынча ардакташат деп ойлочумун
MANAS_ANITKABIR_2.jpg
MANAS_ANITKABIR_1.jpg
MANAS_ANITKABIR_3.jpg
MANAS_ANITKABIR_4.jpg

ТРТга иш-тажрыйбасын алуу максатында келген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери Түркия мамлекетинин эң негизги тарыхый- маданий комплекстеринин бири болгон Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи менен таанышышты. Анкара шаарында жайгашкан мавзолейдин дагы бир аты Аныткабир деп аталат. Жылына миллиондогон зыярат кылуучулар менен атагы чыккан музей тууралуу студенттер өз ой-пикирлери менен бөлүшмөкчү.

Жазгүл Жекшенова: Бул мавзолей тууралуу көп жолу уккам. Музей туурасында айта турчу нерсе абдан көп экен. Мавзолейдин айланасында тигилген бактардын көптүгү жана ар түрдүүлүгү мен үчүн таң калыштуу болду. АКШ, Египет, Канада, Япония, Кытай, Индия баштаган бир топ мамлекеттерден жана Түркиянын ар кайсы аймагынан алынып келинген бак дарактар музейге өзгөчө кооздук тартуулайт. Учурда Аныткабирде 50000ден ашуун бак дарактар бар экен.

Асель Сыдыкова: Аныткабир мавзолейин кыдырып чыгып Ататүрк тууралуу мен билбеген кызыктуу маалыматка ээ боло алдым. Бул мавзолей бүтүндөй Түрк элин өздөрүнүн тарыхы менен тааныштырып, ата-бабаларынын басып өткөн жолун эскертип турат. Эсимде калганы мавзолейди кичинекей балдарын ээрчитип келип тааныштырып жаткан ата-энелер болду.

Жанара Каденова: Негизи Түркия дегенде улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк эске келет эмеспи. Анын сыңарындай Түркиянын дүйнөлүк деңгээлге чыгышына да бирден-бир себепкер ушул киши. Андыктан Түркияга келээрден мурун баарынан мен ушул мавзолейди көрүүнү максат кылгам.  Мавзолей мен күткөндөн да кызыктуу болду. Себеби музейдин ичинде бүтүндөй тарых камтылган экен.

Жылдыз Асангазиева: Аныткабир тууралуу айтылчу сөз узун. Ататүрктүн эмгегин баалаган түрк элинин курган мавзолейи мени өтө таасирлентти. Зыяратчылар суудай агылып келишет экен. Чет элдик туристтер Мустафа Кемалдын күмбөзүнө таанышуу үчүн келсе, жергиликтүү калк улуттук идеологияны чыңдоо максатында зыярат кыларын билдим. Мындан улам Кыргызстанга да улуттук аң- сезимди көтөрүү максатында кыргыз элинин чыгаандарына арналган бир комплекс курулса деген ниетте калдым. Мындан сырткары мавзолейден биринчи ирет “Нобель” сыйлыгын көрдүм. Өз сыйлыгын химик Азиз Санжар мавзолейге белек кылыптыр. Музей менен таанышуу түрк элинин тарыхын үйрөнүү менен барабар.

Аяна Байтемирова: Ааламдашуу заманында ар бир атуул үчүн ата- бабаларынын басып өткөн тарыхын билүү, аны дайыма эстеп туруу өтө маанилүү. Аныткабир мавзолейинде түрк эли башынан өткөргөн Сакаря Майдан согушу, Чоң чабуул, Чанаккале согушундагы көрүнүштөрдү чагылдырган макеттер жасалыптыр. Аларды көрүп ушундай гүлдөгөн мамлекетти кийинки муунга да татыктуу өткөрүп беришибиз керек деген жоопкерчиликти сездим. Анан да түрк эли Мустафа Кемал Ататүрктү неге мынча ардакташат деп ойлочумун. Аныткабирде жүргөндө  бул инсандын жасаган эмгектерин көрүп, ошондо түшүндүм. Чындыгында Ататүрксүз Түркия мамлекетинин туптөлүшүн, азыркы мезгилин элестетүү кыйын экен.

Мадина Акылбек кызы: Аныткабир мавзолейине кирип бара жаткандагы жолдогу арстандар абдан чоң таасир калтырды. Анткени арстандардын коюлушунда көп маани камтылган. Чындыгында аларга маани берип карасаң айбатын көрсөтүп турат экен. Ошондой эле Мустафа Кемал Ататүрктүн элди заманбап жашоого үндөөсү, өзү баш болуп согуштарга катышкандыгы мага абдан чоң таасир берди. Мындан тышкары Алмаз агайыбыздын Ататүрк жөнүндө айтып бергендери Аныткабир мавзолейи жөнүндө дагы көбүрөөк билүүгө түрткү болду.

Айсулуу Орозбекова: Аныткабир мавзолейинде мени абдан таасирлентип эсимде калганы: Жөнөкөй калктын жана аялдардын мамлекеттин оор күндөрүндө жардам берүү үчүн окторду ташыган учурун жана үйүндө болгон байлыгын мамлекетине өткөрүп бергенин чагылдырган сүрөттөр болду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери- 2017



Тектеш кабарлар